Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы 6- сессиясы
2017-жылдын 6-апрели № 5/3
Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата калган акча каражатын бөлүү жөнүндө
(Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы N 7, токтомунун редакцияларына ылайык)
Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине» ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме – ишканаларга 4578,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
2. Токтомдун ушул пункту менен бөлүнгөн каражаттар Нарын шаардык мэриясы аркылуу жүргүзүлсүн.
Нарын шаардык мэриясына Нарын шаарынын башкы планына 2000,0 миң сом,
Нарын шаарындагы көмүр отунуна муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр тартып келүүгө 100,0 миң сом,
(Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы N 7, токтомунун редакцияларына ылайык)
Нарын шаардык аксакалдар сотуна 40,0 миң сом,
Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 63,0 миң сом,
Нарын шаарындагы дарыгерлердин жашаган батирине 174,0 миң сом,
Нарын мамлекеттик Университетине 25,0 миң сом,
Нарын шаардык архитектурага долбоорлорду жазатуу үчүн 300,0 миң сом,
Нарын шаардык аскер комиссариатына 50,0 миң сом,
Чернобыль апатынын катышуучуларына 11,0 миң сом,
Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө 60,0 миң сом,
3. Нарын шаарындагы парктарды реконструкциялоого 1000,0 миң сом, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына атайын техника (КАМАЗ) алууга 420,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгунүн салык жана салык эмес жыйымдарды чогултууга келишимдин негизинде 3 штаттык бирдик үчүн 2017-жылдын январь- апрель үчүн (4 айга) айлык акысына жана социалдык фонддун чегерүүлөрүнө 150,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
5. Нарын шаардык маданият бөлүмүнө форма алууга 185,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына, ал эми токтомду аткаруу шаардык мэрияга жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |