Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-январы № 1
Т. Байбураев атындагы орто мектебинин электр от казандарын алмаштырууга акча каражатын которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Н. Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын Т.Байбураев атындагы орто мектебинде эскилиги жеткен электр от казандарын ж.б. шаймандарды алмаштырууга 41 060 ( кырк бир миң алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул акча каражатын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |