Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 4
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүндө калган калдык акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 1-январь 2016-жылга атайын каражаттан калган 162 000 сом калдык акча каражаты «Эмгекчил-Келечеги» бала бакчасынын тамак-ашына жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |