Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 6
Атайын каражатка кошумча план суроо жөнүндө
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2016-жылга карата атайын каражатта калган калдык акча каражатына кошумча план суроо жана пайдалануу багытын аныктоо боюнча Эмгекчил айылдык Кеңешинин бюджет,финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиеванын сунуштарынын негизинде Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын каражатка демөөрчүлөрдөн түшкөн 500 000 сом акча каражатына кошумча план суралсын.
2. Бул акча каражат Үч-Чат каналынын курулушуна жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Мусаев |