Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 3/7
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Э.О. Макишовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттыкты жана айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орду менен айкалыштырууга болбогондуктан, ушул эле мыйзамдын 24-беренесинин 2, 2-1, 3-бөлүктөрүнө ылайык депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Макишов Эрнис Орозобековичтин жазган арызын карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Макишов Эрнис Орозобековичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |