САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2017-жылдын 16-февралы № 3/8
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамына депутаттарды сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997- III токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобону карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамына төмөндөгү депутаттар сунушталсын.
1. Бейшеналиев. Майрамбек
2. Келдибек уулу Рысбек
3. Чылабаев Самат Кубанычбекович
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |