Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 5/17
2017-жылга карата огород салыгынан жеңилдик алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси А. Майлыбашованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 344-беренесинин 1-3-4-бөлүмдөрүнө ылайык 2017-жылга карата огород салыгынан жеңилдик алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү 88 атуулга жеңилдик берилип, турак-жайынын жер алдындагы жер аянтына жалпысы 188499 кв.м огород салыгын төлөөдөн бошотулсун
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |