Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 5/22
Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Сары-Булак айыл аймагынын 2016-жылдын 19-сентябрындагы №104 буйругунун негизинде түзүлгөн иш тобунун, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Сары-Булак айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18- беренесинин 4-пунктуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |