Редакцияот 06.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын 3-сессиясы

 

2017-жылдын 6-марты № 4

Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жылдын башынан калган акча каражатын пайдалануу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы И.Муканбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнү ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында компьютер (ноутбук) алууга 35 000(отуз беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражаттын туура жана өз убагында чыгымдалуусу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Айдарбек уулу Тилекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

И. Муканбетов