Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 7
Келишимди түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» №145 токтомун аткаруу максатында Жумгал айыл Кенешинин сессиясы , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3 пункттарынын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Жумгал айыл аймагында статисткалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистка комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик статистка бөлүмү менен Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын20-беренесинин талаптарына ылайык статисткалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтуу бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү, статисткалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылсын.
4. Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статисткалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Санташов |