Редакцияот 20.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жумгал айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 20-августу № 10

Келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» №145 токтомун аткаруу максатында Жумгал айыл Кенешинин сессиясы , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3 пункттарынын жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы менен Жумгал райондук ЖААК бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Жумгал айыл аймагынын Жумгал райондук ЖААК бөлүмүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, аталыгын аныктагандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү жарандарга актыларды берип кызмат кылган адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Жумгал айыл өкмөт башчысына, келишимде көрсөтүлгөн Жумгал ЖААК бөлүмүнө(бөлүмүнө туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, аталыгын аныктагандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү) жарандарга актыларды берип кызмат кылган адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

 

Төрага

С. Санташов