Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 6
Айыл чарбасына жарактуу жерлерге жергиликтүү салыктардын өлчөмүн бекитүү жана КБФ жерлеринин ижара акысынын өлчөмү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жарактуу жерлерге жергиликтүү салыктардын өлчөмү 1,0 га үлүш участкалары үчүн сугат жерге – 450 сом, бак-дарак жерлерге – 240 сом, кайракы жерлерге – 45 сом, там арка салыгы 1 сотых жерге – 10,0 сом болуп бекитилсин.
2. Айыл чарбасына жараксыз жана там арка жерлерден салыктын көлүмүн аныктоочу жергиликтүү коэффициент К-1 ге барабар болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | М. Кеңешбаев |