Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 7
Айыл өкмөт башчысынын кызматтык ГАЗ-3110 унаасы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысынын ГАЗ-3110-411 маркасындагы №41-10 DA мамлекеттик номерлүү автомашинасынын агрегаттары жана тетиктери толук желип автомашина иш жүзүндө эскиргендиктен жана аны мындан ары пайдалануу экономикалык жактан ылайыксыз болгондуктан аны эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |