Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 9
Орто-Сай айылындагы таза-суу, Ленин айылындагы эс алуу паркынын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу долбоорлорун каржылоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гранттык каражаттан түшкөн 641 500 (алты жүз кырк бир миң беш жүз) сомду жергиликтүү бюджеттин киреше планына киргизилсин. Чыгаша 31113290 беренесине чыгымдалсын (Орто-Сай айыландагы таза сууга 80 000 сом, Ленин айлындагы эс алуу паркынын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга – 561 500 (беш жүз алтымыш бир миң беш жүз) сом).
2. Токтомду аткаруу каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага, көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |