Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 3
Бешик-Жон айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомуна ылайык, Бешик-Жон айылдык кеңешинин иш кагаздарын жана кабыл алган токтомдорун мамлекеттик тилде жарыялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.
2. Бул токтом менен иш жүргүзүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Муркамиловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Бешик-Жон айыл аймагынын WWW.beshikjon.kg веб расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | А. Масабиров |