Редакцияот 26.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын 46- сессиясы

 

2017-жылдын 26-апрели № 5

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имаратын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имаратын оңдоп түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имаратын оңдоп түзөө үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров