Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 6
Ноокат шаар мэриясынын имаратын оңдоп түзөөгө жана башка чыгымдар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын имаратын оңдоп түзөөгө жана башка чыгымдар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын имаратын оңдоп түзөөгө жана башка чыгымдар үчүн 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат тазалык” муниципиалдык ишканасына материалдык жардам катары 410 000 (төрт жүз он миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |