Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 7
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы С.Алимбаев атындагы жана Бостон көчөлөрүнү бириктирген көпрөнүн айланасын бекемдөөгө, Т.Умиров №5, Жаштык №3,4 көчөлөрүнө шагал төшөө үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы С.Алимбаев атындагы жана Бостон көчөлөрүнү бириктирген көпрөнүн айланасын бекемдөөгө, Т.Умиров №5, Жаштык №3,4 көчөлөрүнө шагал төшөө үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык ке?ешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылда өткөрөлгөн тендерлерден өнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөнкулөргө:
-Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы С.Алимбаев атындагы жана Бостон көчөлөрүнү бириктирген көпрөнүн айланасын бекемдөө үчүн 72 000 (жетимиш эки миң) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Т.Умиров №5, Жаштык №3,4 көчөлөрүнө шагал төшөө үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 305 250 (үч жүз беш миң эки жүз элүү) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |