Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 8
Ноокат шаар мэриясына жана мэрияга караган түзүмдөргө атайын техника (подьемник) сатып алуу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясына жана мэрияга караган түзүмдөргө эки атайын техника сатып алуу жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясына жана мэрияга караган түзүмдөргө атайын техника (подьемник) сатып алуу үчүн Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү боюнча берилүүчү каражаттардын эсебинен 2 000 000 ( эки миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |