Редакцияот 08.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2017-жылдын 8-февралы № 2

Достук айылдык кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыковдун депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун

2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасы А.Бекибаевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Бекибаев