Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-январы № 1
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине жана КР шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесине ылайык айылдык кенештин сесиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу шайлансын.
2. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 38-беренесине ылайык айылдык кеңештин сесиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлансын.
3. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн комиссиянын курамы үч адамдан турсун жана төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн.
Бекташов Алишер –Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты;
Суранбаев Акжолтой–Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты;
Исламидин уулу Руслан –Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты.
Төрага | К. Наркулов |