Редакцияот 05.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы уюштуруу I сессиясы

 

2017-жылдын 5-январы № 2

Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жөнүндө

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесине жана Жалпак-Таш айылдык кенешинин төрагасын шайлоо комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо комиссиясынын жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө токтомуна ылайык Каныбаев Хайрулла Ашимович Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

2. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Арынов Шайырбек Сапаралиевич Жалпак-Таш айылдык кенешинин торагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

Төрага

К. Наркулов