ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз 4- сессиясы
2017-жылдын 13-февралы № 6
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ««Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын 49-беренесинин жана “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жөнүндөгү” Жобосунун негизинде Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 13- февралындагы Чечиминин негизинде айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна экинчи жолку өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтына ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоо өттү деп эсептелсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Х. Каныбаев |