Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 12
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджетинен 101,2 мин сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик укуктун негизги принциптери тууралуу “ Мыйзамынын 49-52-беренелерине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюжетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттен 101,2 мин сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселе “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында” каралып алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюжетинин чыгашалар боюнча 101,2 мин сом акча каражаты мамлекеттик аппаратка 91,0 сом,маданият үйүнө 10,2 сом акча каражаты соцфондго чегерүү үчүн жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Х. Каныбаев |