Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 1
АРИС прогораммсы боюнча сунушалган долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-январындагы АРИС программасы боюнча тандалган долбоорлор жөнүндөгү сунуш катын негиздеп, аталган программа боюнча 19 айылдан сунушталган жалпысы 28 долбоорду караган комиссиянын жыйынтыгы жөнүндө соцкоргоо боюнча башкы адис А.Сулаймановдун маалыматын угуп, талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасы боюнча тандалган долбоорлорду караган комиссиянын жыйынтыгы менен 1-орунга ээ болгон Мундуз айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруу долбоору колдоого алынсын.
2. Колдоого алынган долбоорлорду АРИС программасына сунуштоо жана иш кагаздарын даярдоо жагы соцкоргоо боюнча башкы адис А.Сулаймановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |