Редакцияот 27.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

 

2017-жылдын 27-январы № 3

Жаңы-Ачы айылынын күн чыгыш тарабындагы Көк-Арт дарыясына дамба куруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Жаңы-Ачы айылынын жашоочуларынын кайрылууларын негиздеп, аталган айылдын айыл башчысынын жаз келсе айыл тарапка Көк-Арт дарыясынын суусу каптап кетүү коркунучу бар экендиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ачы айылынын күн чыгыш тарабындагы Көк-Арт дарыясынын жээгине дамба куруу жөнүндөгү элдин кайрылуусу колдоого алынсын.

2. Дарыянын жээгине дамба куруу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөттун жер адиси К.Жамашевге жана айыл башчысы К.Раимкуловго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын колго алып ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Т. Наримбетова