Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма тогузунчу сессиясы
2017-жылдын 16-февралы № 1
2016-жылда аткарылган иштер жөнүндө отчету жана айыл аймакты 2017-2022-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесиндеги 2-бөлүмүнүн 3-6-пункттарын негиздеп, өкмөт башчы А.Асановдун 2016-жылдагы аткарылган иштер жөнүндө отчеттун, айыл өкмөтүнүн соцкоргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановдун баяндамасындагы 2017-2022-жылдарда айыл аймакты өнүктүрүүнү пландаштырган стратегиялык планын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын өкмөт башчысы А.Асановдун 2016-жылдагы аткарылган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2017-2022-жылдарда Кызыл-Туу айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык планынын түзүү айыл өкмөтүнүн соцкоргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашырып аткаруу жагы тиешелүү адистерге жана өкмөт башчы А.Асановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин социалдык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |