Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун, 2018-2019-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016- жылдагы киреше жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын “долбоору” 2018-2019-жылдарга божомолун жана 2017-жылга жайыт комитетинин киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнун башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016- жылга такталган кирешелердин аткарылышы 24649,8 мин сом, чыгашалары 25229,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылда айыл өкмөтүнүн трансферттер менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 26321,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин божомолу 2018-жылга 12611,5 мин сом, 2019-жылга 13146,5 мин сом, тендоо грантынын көлөмү 2018-жылга 13183,4 мин сом, 2019-жылга 13184,8 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
4. Тендоо грантынын көлөмү 13056,9 мин сом өлчөмүндө болумдор жана беренелер боюнча чыгымдар бекитилсин жана биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эл.энергия төлөмү, комур сатып алуу, эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө) багытталсын.
5. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
6. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдору боюнча 2300,0 мин сом план көрсөтүлгөн, бирок Бостон айылына бала бакча ачылгандыгына байланыштуу 2500,0 мин сомго которулуп, балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын жана жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына 1500,0 мин сом бир жылга бөлүнүп берилсин.
7. Айыл өкмөтүндо майрамдарды, белгилүү күндөрдү жана уюштуруу иштери үчүн 1057,0 мин сом бөлүнүп берилсин. Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин долбоорлору үчүн 50,0 мин сом, бала бакчалардын курулушунун документ иштерине жана ар түрдүү чыгымдарына 120,0 мин сом бөлүнсүн. Маданият бөлүмүно конкурстарды өткөрүү үчүн 100,0 мин сом. Спорт мектебинде, айылдарда спорт оюндарын өткөрүп туруу үчүн 160,0 мин сом, сапар чыгымдарына 20,0 мин сом, жабдууларды алууга 30,0 мин сом каралсын.
8. Эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 350,0 мин сом, сел каналдарды казуу үчүн 150,0 мин сом, ички каналдарды тартуу үчүн 100,0 мин сом, жолдорду ондоо иштери үчүн 300,0 мин сом, суу түтүктөрүн ондоого 100,0 мин сом, Кызыл Сенгир, Жашасын-2 айылдарына ФАП курулушуна 200,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн 200,0 мин сом өлчөмүндө кол тийгис фонд түзүлсүн, Кочку коркунүчүнда турган айылдардагы элдерди көчүрүү иштерин жүргүзүүгө келишимдин негизинде адвокатка акча каражатын төлөп берүү үчүн 40,0 мин сом, эгин талааларындагы арыктарды тартуу үчүн 350,0 мин сом, жана башка түрдүү чыгымдар болуп бардыгы 1550,0 мин сом каралсын.
10. Айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга учурдагы ремонту үчүн 320,0 мин сом каралсын.
11. Мундуз айылындагы бала бакчасын курууга 1100,0 мин сом, Орто Азия айылындагы балдар бакчасын курулушун бутурууго 1000,0 мин сом, Талаа Булак айылына бала бакча ачуу үчүн имараттын ремонт иштерине 500,0 мин сом, бардыгы болуп 2600,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
12. Айылдарда жаны конуштаргы көчөлөргө электр зымдарын тартуу үчүн бетон таянычтарын алууга 440,0 мин сом каралсын.
13. Айыл өкмөттун имаратынын курулуш иштерин бүтүрүү үчүн 2017- жылдын жергиликтүү бюджет эсебинен 1050,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
14. Айыл өкмөттун жаны бүтүрүлгөн имаратына жаны мебелдерди, компьютерлерди алуу үчүн 330,0 мин сом, кенсе жана чарба товарларын алуу үчүн 160,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
15. Бала бакча, мектептерге жабдууларды алуу үчүн 102,6 мин сом, маданият үйүнө жабдуу алуу үчүн 20,0 мин сом бөлүнсүн.
16. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 220,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. КР Өкмөтүнүн 2.05.2015-жыл №87 токтомуна ылайык электр энергиясы үчүн 2017-жылга айыл өкмөтүнө бөлүнгөн лимитти сактоо мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин, айыл өкмөт аймагындагы мектеп, бала бакчаларга лимитке ылайык акча каражаты каралсын, көмүр алуу үчүн 550,0 мин сом бөлүнүп берилсин.
18. Аз камсыз болгон,турмуш шарты оор үй бүлөлөргө жардам берүү үчүн 500,0 мин сом каралсын.
19. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана үлүш жерлерден өндүрүлүүчү салыктарды өз убагында өндүрүү жагын камсыздоо өкмөт башчысына, айыл башчыларга жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
20. Башкаруу бөлүмүнун кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде штат бирдиктери бекитилсин, КР Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июндагы №384, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрдагы №543 токтомдорунун негизинде айлык акылары бекитилсин.
21. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын №52 беренесине ылайык айыл өкмөттө 17 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
22. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №78 ”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүңдө” Мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык айыл өкмөтүндөгү муниципиалдык кызматкерлерди КР Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнундагы №383 Токтому менен бекитилген баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык, 2016-жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде сыйакылар төлөө жагы каралсын.
23. Айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде аталган мыйзамдын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык социалдык тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан материалдык жардам көрсөтүүгө акча каражаты каралсын.
24. КР Өкмөтүнүн 31-январь 2012-жылдагы №66 токтомунун негизинде маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиктери жана иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
25. Өкмөт башчысына, өкмөттүн орун басарына, айылдык кенешке сапар чыгымдарына жана маршуруттук жол кирээ чыгымдары үчүн 147,2 мин сом бекитилсин.
26. Аппарат бөлүмүнө электрондук системага өткөндүгүнө байланыштуу интернет төлөму үчүн 51,0 мин сом, мектептер менен, райондор менен, айыл башчылар менен байланышып туруу үчүн ай сайын айыл өкмөт башчысына 800 сом, орун басарына 500 сом, ФЭБ бөлүм башчысына 500 сом, айылдык кенештин төрайымына 200 сомдон уюлдук телефон чыгымдарына төлөп берилсин.
27. Кыргыз Республикасынын 18.-сентябрь 2006-жылдагы №672 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн орун басарына айылдар алыс жайгашкандыгынан жана элден түшкөн арыз, суроолорун жер жеринде чечип келүү үчүн жана башкы соц.адиси долбоорлор жана мектептер менен иштөө үчүн келишимдин негизинде өз жеке автоунаасын кызматтык абалга пайдалангандыгына байланыштуу компенсация төлөнүп берилсин.
28. Жайыт комитетинин киреше планы 2017-жылга 500,6 мин сомго бекитилсин жана сапар чыгымдарына, ар турдуу чыгымдарга порталга беруу системасы аркылуу пайдаланылсын.
29. Жыл ичинде пландык корсоткучтордон кошумча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин № 101-П буйругу менен бекитилген жобого жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин № 05-06-6/3323 сандуу катынын негизинде макулдашуу аркылуу жана айылдык кенештин сессиясынын чечими менен пайдалануу эскертилсин.
30. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 21-ноябрь №158 жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө мыйзамынын 37-беренесине ылайык жергиликтүү кенештин төрайымына сессияларды өткөрүү үчүн жумуш күнүнө айыл өкмөтүнүн эсебинен компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
31. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2018-жылдын 1-январына карата 30,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
32. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кенештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
33. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кенештин бюджеттик комиссиясына, айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Ибраимов |