Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 14-1
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин 29-отурумунун 9 -токтому жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл Кеңеши Ноокат райондук Прокуратурасы тарабынан 2017- жылдын 15- февралдагы № 1/130-17 билдирүү ( протест) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кенештердин , депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы боюнча Н.Исанов атындагы айылдык Кенешинде жүргүзүлгөн текшерүүдө жогоруда көрсөтүлгөн токтом негизсиз жана мыйзам бузуучулук менен кабыл алынгандыктан токтом негиздер менен бузулуп, жокко чыгарылууга жатат. Н. Исанов атындагы айыл Кенешинин 2015- жылдын 20- февралындагы кезектеги 5- чакырылышынын 29- сессиясынын 29- отурумунун 9- маселесинде каралган токтому 1- пункуту менен Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кошчан сайынан аккан сууну өз нугуна салып, кум, таш алууну жолго коюп, сайдын жээктерин суудан сактап, иреттеп, иш алып баруу боюнча айыл Кеңешинин депутаты Сыдыков Маматали Надировичти жетекчилик астында иш алып барылсын. Токтомдун 2- пункуту менен Кошчан жана Жаны- Базар сайларынан кум, шагыл, таш алынуучу жерлерден Сыдыков Маматали Надировичдин макулдугу менен көрсөтүлгөн жерден алууга макулдук берилсин. Токтомдун 3- пункуту менен уруксатсыз өз алдынча кум, шагыл, таш алынган унаа ээлерине тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилсин. Токтомдун 4- пункуту менен ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын депутат М. Сыдыковка тапшырылсын деп көрсөтүлгөн. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамын 31- статьясында көрсөтүлгөн айыл Кенешинин компентенциясына, тактап айтканда жарандарга юридикалык жактарга курулуш курууга уруксат берүү, жер аянттарын ажыратып берүүчү дарыя жана аккан сууларга кум, шагыл, таш алууга жергиликтүү Кеңештердин компентенциясына кирбей тургандыгын баса белгиленген. Бул жагдайлар жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин тескөөсү таандык эмес экендигин аталган мыйзам белгиленген. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндөгү» мыйзамдардын 21-статьясынын негизинде айыл Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин 2015- жылдын 20- февралындагы 5- чакырылышынын 29- отурумунун 9- токтому жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын бузуу менен кабыл алгандыктан, бузулук жокко чыгарлысын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Нурмаматов |