Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин (6-чакырылыш) кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 7
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жерлердин аренда акысын аныктоо жана таштанды чыгаруу салыгын, отун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги жер аянттарынын 1,0 га аренда акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
Шалы 9174-00 сом
Сугат айдоо 1351-00 сом
Сугат айдоо Кайрат айылына – 2764-00 сом.
Кайрак айдоо 875-40 сом
Чөп ормо 732-60 сом
Балчелектердин 01 га аянтына чегерилген ижара акы - 50 сом.
2. Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:
Таштандыны чыгаруудан алынуучу салык -25 сомго
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы үчүн зооналдык коэфиценти 1,0 бекитилсин.
3. КР салык кодексинин №343-344-беренелеринин негизинде көп балалуу үй-бүлөлөр, пенсионерлер, 1-2-группадагы майыптар, көзү азиздер, кургак учук менен ооругандар, батыр энелер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана Чернобылдын кызматкерлери физикалык жер салыгынан жана таштанды чыгаруу салыгынан мыйзамдын негизинде бошотулсун
4. Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон тазалоо маалында отундун, шакчанын бир кубасына төлөнүүчү тарифи:
-жараксыз отундун 1 кубасы -1000 сом, шакчанын 1 кубасы -500 сом, жатакчылардан алынуучу отун акча -400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |
Зергер айылдык кенештин кезексиз 4-сессиясынын кароосуна
СУНУШ
Зергер айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин асылдулугун карап аукцион аркылуу бекитилген аренда актыларын сунуш кылам.
Шалы 9174-00 сом
Сугат айдоо 1351-00 сом
Сугат айдоо Кайрат айылы 2764-00 сом
Кайрак айдоо 875-40 сом
Чөп ормо 732-60 сом
Бал челектердин 0,01 аянтына чегерилген ижара акы 50-00 сом
Жер жана турак жай боюнча адиси | М. Каракозуев |