Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин (6-чакырылыш) кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 10
Зергер айыл өкмөтүнүн Кайрат, Аюу,Кутурган жана Зергер айылдарындагы жеке менчик жер участокторуна түзүлгөн схеманы бекитип берүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги 4-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 –статьясынын негизинде Кайрат айылынын тургуну Чырмашова Юлдуздын, Аюу айлынын тургуну Орозалиев Муратбектин, Кутурган айылынын тургуну Матмусаев Жунустун, Зергер айылынын тургундары Олжобаев Элесбектин, Олжобаев Айбектин, Олжобаева Касиеттин жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схеманы бекитип берүү боюнча Зергер айыл өкмөтүнүн жер ,турак- жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Кайрат айылынын тургуну Чырмашова Юлдуздын Аюу айлынын тургуну Орозалиев Муратбектин, Кутурган айылынын тургуну Матмусаев Жунустун, Зергер айылынын тургундары Олжобаев Элесбектин, Олжобаев Айбектин, Олжобаева Касиеттин жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасы бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан ( Н Абдыкеримов) курулуш иштерине тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы,
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Зергер айылдык кенешинин айыл суу чарба, өнөржай курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |