Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 27/5-3
Ананьев айлында жайгашкан уюлдук антенналар жөнүндө
Уюлдук антенналар боюнча комиссиянын отчетун угуп, карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлындагы Н.Г. Лященко атындагы мектебинин аймагында жайгашкан уюлдук антенна айылдын сыртына чыгарылсын.
2. Жер карап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссияга тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |