Редакцияот 03.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезектеги 4- сессиясы

 

2017-жылдын 3-марты № 4/1

Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жɵнүндɵ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй 3(үч) багытта туруктуу комиссиялары түзүлсүн.

- Саламаттыкты сактоо , маданият, билим берүү, соода, социалдык маселелер, энелерди жана балдарды коргоо маселелери боюнча.

- Мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, адам укугу, жаратылышты коргоо, жаштар иши маселелери боюнча.

- Бюджет, салык,транспорт жана байланыш, курулуш иштери жана жер реформасы маселелери боюнча.

Саламаттыкты сактоо , маданият, билим берүү, соода, социалдык маселелер, энелерди жана балдарды коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 2 (эки) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрайымы:

Абдыраева Гүлбаркан Дүйшɵнкуловна

Комиссиянын катчысы:

Кемелов Билимбек Ильясович.

Мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, адам укугу, жаратылышты коргоо, жаштар иши маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган тɵмɵндɵгү курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы:

Аппасияев Шайлообек Жыргалбекович

Комиссиянын катчысы:

Аскарбеков Канатбек Рыскелдиевич

Комиссиянын мүчөсү:

Кубатов Урматбек Токонович.

Бюджет, салык,транспорт жана байланыш, курулуш иштери жана жер реформасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган тɵмɵндɵгү курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы:

Элчибек уулу Канатбек

Комиссиянын катчысы:

Тɵллɵева Нургүл Темировна

Комиссиянын мүчөсү:

Чокморов Жантай Сексенбешович

 

Төрайым

Г.К. Каналиева