Редакцияот 14.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз 5- сессиясы

 

2017-жылдын 14-марты № 5/3

Кара-Бүргɵн айылындагы муниципиалдык имараттын почта байланыш түйүнү жайгашкан бɵлүгүн “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын акционерлештирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин 19.12.2016-жылынын №18-145 протоколуна жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 05.01.2017-жылынын №04-б буйругуна ылайык Кара-Бүргөн айылындагы муниципиалдык имараттын 24 м.кв аянты “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Почта байланыш түйүнү жайгашкан имараттын тийиштүү бөлүгүн “Кыргыз почтасы ” мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалынын балансына өткөрүп берүү жумуштарын турмушка ашыруу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Соодонбековго тапшырылсын.

 

Төрайым

Г.К. Каналиева