Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеӊешинин кезексиз 6- сессиясы
2017-жылдын 4-апрели № 6/1
Кара-Бүргɵн айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын ɵткɵрүп берүү жɵнүндɵ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргɵн айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ɵткɵрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдалануу боюнча жамааттын кɵп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бɵлүгүндɵ кɵрсɵтүлгɵн пландар ɵз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндɵ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса ɵткɵрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынаары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы- Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчɵлɵрүнɵ, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү оалдынча башкаруу органына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий ɵкүлчүлүктɵрүнɵ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ɵз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматттарды берип турууга милдеттүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органы тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ɵз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдɵ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кɵрсɵтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жɵнүндɵ” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлɵɵ Кара-Бургɵн айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы Н.Соодонбековго жүктɵлɵт.
Төрайым | Г.К. Каналиева |