Редакцияот 24.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы

 

2016-жылдын 24-февралы № 2

1-январь 2016-жылга карата калган калдыкты иштетүү жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде калган калдыктар боюнча айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын сунуш катын угуп, талкулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджет эсебинен калган 641,2 миң сомдук калдык төмөнкү зарыл чыгымдар үчүн сарпталсын:

·         Жаңы-Ачы айылындагы З.Жамашев атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушу үчүн 265,2 миң сом;

·         Сугат суу ички каналдарды казып тазалоо үчүн 50,0 миң сом;

·         Кызыл-Сеңир айылындагы “Достук” балдар бакчасына ажааткана куруу үчүн 110,0 миң сом;

·         Таштак айылына көчө жарыктандыргычтарын алуу үчүн 110,0 миң сом;

·         Мундуз айылындагы ПОМдун имаратынын курулушунун марафонуна 110,0 миң сом;

·         Алмалуу-Булак айылында жашап өткөн атактуу инсандарга эстелик жасоо үчүн 50,0 миң сом.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин. 

 

Төрайым

Т. Наримбетова