Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 6
Кошумча тайпа ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси Сулайманов Аширбайдын Кызыл-Сенир айылындагы “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы кошумча тайпа ачуу муктаждыгы тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылындагы “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунуна кошумча бешинчи тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Кошумча тайпа ачуу жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Токтогуловдон суралсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |