Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 7
Долбоорду колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси Сулайманов Аширбайдын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында курулуп жаткан АРИС программасы аркылуу “Элге кызмат көрсөтүү жана окутуу” борборунун курулушун колдоо тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында курулуп жаткан “Элге кызмат көрсөтүү жана окутуу” борборунун курулушу боюнча долбоордун өздук салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 500 000 (Эки миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Асановго жана айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |