КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 19- сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 8
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
8-март – Аялдардын эл аралык майрамына жана 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
· Исаков Тойчубай Абылович
· Зулпукаров Максат Акматбекович
· Сулайманов Аширбай Эсенович
· Нуркамилов Курманбек
· Артыкбаев Эркин Усонович
· Карагулова Чынар Аскаровна
· Нуруева Гулжамал Бообековна
· Эргашева Тажикан
· Жайлообаева Гулсара
· Ажиматова Маликахон Абдуганиевна
· Омошова Айнакан
· Акматалиева Курванбу Тезекбаевна
Төрайым | Т. Наримбетова |