Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 1
Тарых жана маданият жылына карата аткарыла турган иш чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган жарлыгына ылайык, айылдык кеңештин социалдык маселелер туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык айылдардан тарыхта кала турган материалдар топтолуп айыл аймагы жөнүндө тарых китеби чыгарылсын.
2. Айыл аймагынын бардык айылдарында, коомдук жайларда, мекеме ишканаларда жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айыл маданиятын көтөрүү иш жүзүнө ашырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл амагындагы мекеме ишканалардын жетекчилерине жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |