Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 2
Тарых жана маданият жылына карата номинацияларды ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл Тарых жана маданият жылына айыл маданиятын көтөрүү боюнча мыкты- айыл, көчө, үй-бүлө, эне, карыя, келин, аксакал, инсан, мугалим, адис, ууз жана башка номинациялары кабыл алынсын.
2. Айылдар, көчөлөр, мекемелерде жана жеке адамдар арасында сынактар өткөрүлүп татыктууларга комиссиялар тарабынан тиешелүү номинациялар ыйгаруу сунуштары айылдык кенешке берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановго жана айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |