КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 3
Жайыт комитети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жыл 26-январь №30 мыйзамынын 4-6-8 беренелерин жана 6 бөлүмүн 11.1.1 беренелерин негиздеп, жайыт комитетинин торагасы Т.Исаковдун жайыттарды пайдалануу боюнча 2015-жылдагы аткарган иштери жана 2016-жылга карата пландаштырылышы жөнүндө маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 20.04.2016-жылдагы кеңешмесинин токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылдагы аткарылган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
Жайыт жерлерди тосуп, чөп орок катары пайдалангандар ар бир гектары үчүн 500 сомдон акы төлөөсу жөнүндө жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.
Жайыт комитетинин өздүк авто машинасынын жоктугуна байланыштуу келишим менен жеке автомашиналар иштешүүгө макулдук берилсин.
Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жайыт комитетинин торагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Наримбетова |