Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 4
Мундуз айылындагы мөөнөтсүз берилген жерге курулуш курууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын №110 каты, Сузак архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 15.03.2016-жылдагы №50 корутунду катын негиздеп жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын 22.04.2016-жылдагы №01-15/489 сандуу катын аталган башкармалыктын орун басары подполковник А.Сулаймановдун маалымдоосунда угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мундуз айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад механизазиялаштырылган көчмө отрядынын администрациялык имараттарды жана кампаларды ээлеп турган мөөнөтсүз пайдалануусундагы 3,68 га жер аянтынан тиешелүү жер тилкесин аталган министрликтин кызматкерлерине көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.
2. Мыйззам негизинде көп кабаттуу үйкурула турган жерге тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы аталган башкармалыкка тапшырылсын.
3. Токтомдундун мыйзам негизинде аткаралышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жана мыйзамждуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |