Редакцияот 22.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы

 

2016-жылдын 22-апрели № 6

Бостон айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренесинин 10-пункутун жана 13-берененин 4-пунктун, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 21-апрель 2016-жыл билдирүү катын, Кенжекей, Кочкор-Ата, Ташбака жайыттарындагы жашоочуларынын кайрылуу катын жана Бостон айылындагы кайракы үлүш жерлери бузулуп кеткен үлүш ээлеринин өтүнүч катын негиздеп, айылдык кеңештин экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянын 20.04.2016-жылдагы актысын туруктуу комиссиянын макулдашуусунда угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бостон айылынын адыр тарабындагы Калмурзаевдердин үй бүлөсүнүн сел алып бузуп кеткен кайракы үлүш жерлерин, өздөштүрүп, бак эгип калыбына келтирүү үчүн 3 жылдык мөөнөт менен 2013-жыл жүргүзүлгөн иш долбоор иш жүзүндө аткарылбагандыгы анык экендиги белгиленсин.

2. Калмурзаевдердин үй бүлөсү менен бирдикте 22 адам кол койгон бузулуп карьер болуп кеткен кайракы үлүш жерлерин айыл өкмөткө өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүчүн айыл өкмөт кайтарып алуудан баш тарткандыгы жөнүндө үлүш ээлерине билдирилсин.

3. Аталган жерди калыбына келтирип өздөштүрүү иштери жүргүзүлбөй, кайра бузулуп кеткен себептери аныкталсын.

4. Мыйзам чегинде аталган жердин бузулуусун токтотуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, токтомдун аткарылышын колго алуу жагы үлүш эээлерине жана айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине, Бостон айылынын айыл башчысына, айыл өкмөт башчысы А.Асановго милдетттендирилсин.

 

Төрайым

Т. Наримбетова