КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 7
Ак-Баш айылындагы спорт клубуна маркум К.Артыкбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Ак-Баш айылынын тургундарынын 17.04.2016-жылдагы жалпы жыйынынын протоколун аталган айылдын депутаты Ч.Мейманкуловдун баяндоосунда угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Баш айылынын тургуну, “Ленин орденинин” ээси маркум Артыкбаев Калдарбектин ысымы Ак-Баш айылындагы спорт клубуна ыйгарылсын.
2. Мындан ары Ак-Баш айылындагы спорт клубу Артыкбаев Калдарбек атындагы спорт клубу деп аталсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |