Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 8
Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, адабият жана маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
Акматалиев Уркунбай- Мундуз айылынын тургуну, эмгектин ардагери
Мамытов Мусакул- Ак-Булак айылынын тургуну, эмгектин ардагери
Апысов Айдарали- эмгектин ардагери
Турганбаев Токомбай- эмгектин ардагери
2. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
Шамшиева Токтокан Алматовна
Тайчиева Жылдызкан
Бечелова Сурмакан Давутовна
Абдрасулов Эркин Мойдунович
Исмайылов Акматжан
Баатаева Ширин Исаковна
Төрайым | Т. Наримбетова |