Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 21- сессиясы
2016-жылдын 6-майы № 2
Ачы зонасындагы жер көчкү коркунүчүнда жашагандарга жер ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин негиздеп, айыл өкмөт башчысы А.Асановдун баяндамасын, элдин кайрылууларын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачы зонасындагы көчкүгө дуушар болгон жана көчкү коркунүчүнда жашап жаткан элди коопсуз жайга көчүрүү иштери жургүзлсүн.
2. Элди турак жай курууга жер тилкеси менен камсыздоо үчүн 150 (Бир жүз элүү) га кайраакы айдоо мамлекеттик фондунун жеринен жер тандалсын.
3. Тандалган жерге мыйзам негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн.
4. Мамлекеттик фондунун кайраакы айдоо жеринен “Калктуу конуштар жерлерине” которуп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнөн жана Кыргыз Республикасынын Окмөтүнөн суралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |