Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 21- сессиясы
2016-жылдын 6-майы № 3
2016-жылга бектилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамын 15-беренесине ылайык 2016-жылга Алмалуу-Булак айылында көчкү болгондугуна байланыштуу бекитилген бюджеттин чыгымдары жөнүндөнүндө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алмалу-Булак айылында көчкү болгонуна байланыштуу элдерди коопсуз жайларга көчүрүп келүү үчүн транспорт чыгымдарына, көчкү түшкөн жолорду сүрүү үчүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 116,0 миң сом, маданият бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 60,0 миң сом, ЖКХ бөлүмүнүн 22154900 “Түрдүү чыгымдар” беренесинен 176,3 миң сом жылдырылсын.
2. Ак-Баш айылындагы китепкананын кызматкерин Бишкек шаарына иш сапарына жөнөтүү үчүн, маданият бөлүмүнүн 2221 “Учурдагы оңдоолор” беренесинен 5,0 миң сом 2211 “Сапар чыгымдары” беренесине жылдырылсын.
3. Жогорудагы токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жүктөлсүн.
Төрайым | Т. Наримбетова |