ТоктомКүчүндө

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 6-майындагы № 4 «2016-жылга бектилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция06.05.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 21- сессиясы

 

2016-жылдын 6-майы № 4

2016-жылга бектилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-2019-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-2019-жылдар үчүн киреше бөлүгүнүн долбоору төмөнкүдөй бекитилсин:

2017-жылга 12242,9 миң сом

2018-жылга 12894,4 миң сом

2019-жылга 13493,4 миң сом

2. Жогорудагы токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы экономика бөлүмунүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго жүктөлсүн.

 

Төрайым

Т. Наримбетова