Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезексиз 21- сессиясы
2016-жылдын 6-майы № 5
Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Бостон айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын кеңешмесинин токтомун негиздеп, 03.03.2016-жылдагы Бостон айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостон айылынын тургундарынын Ш.Мурзакабулованын жеке менчик үйүнө келишимдин негизинде бала бакча ачуу жөнүндөгү демилгеси колдоого алынсын.
2. Бостон айылынын бала бакча ачуу жөнүндөгү демилгесин иш жүзүнө ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Асановго тапшырылсын.
Төрайым | Т. Наримбетова |